Мирлан Бакиров 1975-жылы 11-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган. Билими жогору. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1996-1998 — Мамлекеттик салык инспекциясынны Жалал-Абад облусу боюнча акциздер бөлүмүнүн инспектору
1998-1999 — «Корпорация «Жалал-Абад» АКнын башкы эсепчиси
1999-2003 — Жалал-Абад облустук каржы башкармалыгынын жетектөөчү адиси, бюджеттик бөлүмдүн башчысы
2003-2005 — «Марьям и Ко» ЖЧКнын директорунун орун басары
2005-2010 — «Дан-Юг» ЖЧКнын директору
октябрь, 2010 — «Республика» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча ЖК комитетинин мүчөсү.
октябрь, 2015 — «Өнүгүү — Прогресс» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2018 — Жогорку Кеңештин вице-спикери;
2021-жыл 30-март — Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Бакиров 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ушул VI чакырылышта вице-спикер кызматын аркалаган. 2020-жылы 23-декабрда өз арызы менен кызматтан кеткен.
2021-жылдын 30-мартынан тарта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы.