• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Бактылуу ачкыч» акциясы! Capstroy KG жана MegaComдон батир ут

30 Тогуздун айы 2020 12:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-октябрда MegaComдуy башкы кеңсесинде «Альфа Телеком» ЖАКнын жана Capstroy KG курулуш компаниясынын ортосунда өнөктөштүк жөнүндө расмий келишимге кол коюлду.

Ага ылайык, MegaCom уюлдук оператору менен Capstroy KG курулуш компаниясы биргелешип, «Бактылуу ачкыч» аталышындагы уникалдуу акцияны жүргүзүп жатышканын кубануу менен кабарлашты. Башкы байге Бишкектин чок ортосундагы «Ак-Марал 2» турак жай комплексинен эки бөлмөлүү батир. Акциянын расмий түрдө үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында старт алат.

«Башкы байге менен катар сиздерди күн сайын жана апта сайын 4000 сомдон 30 000 сомго чейинки байгелер күтөт. Мындан тышкары сиздердин кеңселерди, батирлерди же үйлөрдү оңдоп түзөөдөн өткөрүү жана жайгаштыруу үчүн дагы белектер ойнотулат»,-деп билдиришти уюштуруучулар.

  • Акцияга катышуунун шарттары:

«Бактылуу ачкыч» акциясына катышуу үчүн MegaCom жеке номеринин балансын толуктоо же #СуперЫңгайлуу тарифтер тизмегине белгилүү бир абонеттик төлөмдү жүргүзүү жетиштүү. Шарттарды аткаруу менен абонент автоматтык түрдө акциянын катышуучусу болуп саналып, кийинки төлөмдөр жана толуктоолордун эсебинен «Бактылуу ачкычтар» топтоло баштайт. Көбүрөөк ачкыч топтоо үчүн акциянын алкагындавикторинага жазылуу болот.

  • «Бактылуу ачкычтар» канчалык көп болсо, батир жана акчалай байгелерди утууга ошончолук көп мүмкүнчүлүк түзүлөт!

Жеңиш катышуучунун өзүнөн гана көз каранды. Ким күнүнө, апатасына же жалпы акциянын мөөнөтү бүткөнгө чейин көбүрөөк «Бактылуу ачкыч» топтосо, ошол адам байгеге ээ боло алат. Эң активдүү катышуучуну Бишкек шаарынын инфраструктурасы өнүккөн, борбордук панорамага көз чаптырууга абдан ыңгайлуу аймагынан, бардык шарты менен болгон аянты 65 чарчы метрди тузгөн жаңы батир күтөт. Катышуучу «Мега 24» тиркемеси аркылуу канча «Бактылуу ачкыч» топтогонун көрүп турса болот.

Белгилей кетсек, акция 2020-жылдын 1-ноябрынан баштап, 2021-жылдын 31-июлуна чейин уланат. MegaCom уюлдук оператору жана Capstroy KG курулуш компаниясы уюштуруп жаткан «Бактылуу ачкыч» акциясына катышып, «ачкычтарды» топтоңуздар жана утуштарга ээ болуңуздар!

Количество просмотров: 306