• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бакыт өргөөсү жаңыланды

2 Тогуздун айы 202420:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясынын билдиргенине караганда, борбордогу бакыт өргөөсүнүн тегерегин оңдоо, жаңыртуу иштери аяктады.

Жарыктандыруу киргизилип, гүлзарлар жаңырып, имараттын бүтүндөй гранит капталган бөлүгү тазаланган. Имараттын маңдайындагы оргума да оңдолду.

Жашыл зона жасалып, отургучтар коюлуп, таманташ да төшөлгөн. Мындан тышкары гүлзарды автоматтык түрдө сугара турган система орнотулган.

Мурда бул зона каралбай ээн жатчу.

Жаңыртуу, оңдоо иштери июлда башталып, ушу тапта аяктады. Белгилей кетчү жагдай, бардык иштер демөөрчүлөрдүн эсебинен жасалды.
Бакыт өргөөсүн жаңыртууга жардам берген шаардыктарга мэрия ыраазычылыгын билдирет.

Количество просмотров: 86