• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бакытбек Суюнбаев Манас районунун акими болду

21 Жетинин айы 20259:54 Бишкек Govori.TV

Бакытбек Суюнбаев Талас облусунун Манас районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Суюнбаев Бакытбек Сапарбаевич Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Количество просмотров: 114