“Бала сатуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыштуу топ сот жообуна тартылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, 2024-жылдын сентябрь айында жашы жете электерди Кыргызстандын чегинен тышкары мыйзамсыз алып чыгуу үчүн туруктуу каналды уюштуруу, «Балдарды сатуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстандын А.А. аттуу жараны жана анын кылмыштуу шериги кыргыз жараны С.С. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Тергөөдө казак жараны Израилдин жараны А.Б. менен өзүнчө акчалай жана башка мүлктүк компенсация алуу үчүн С.С. аттуу кыргызстандыктан үч жашы жете элек баланы сатып алган. Андан кийин ал балдарды жылаңачтап сүрөткө тартып, социалдык мессенджер аркылуу үчүнчү жактарга жөнөткөн.
Мындан тышкары, аталган кылмыштуу топ Д.К. аттуу кыргыз жаранынын жашы жете элек эки баласына карата толук камкордукка алууга уруксат алып, аларга да ушундай эле аракеттер жасалган.
Кылмыш ишин кароо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн.
Ага ылайык, 12-мартта сот айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялаган. Казакстандын жараны 12 жылга жана кыргыз жараны 11 жылга эркинен ажыратылды.