• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Балбан Акжол Махмудов эл менен жолугушуу учурунда жалындуу сүйлөдү (Видео)

7 Баш оона 2021 16:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-августта «Ала-Тоо» аянтында Токио шаарында (Япония) өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарынан кайтып келген улуттук курама команданын мүчөлөрүн сый-урмат менен тосуп алуу салтанаты өтүп жатат.

Өлкөнүн намысын коргогон спортчуларга жана машыктыруучуларга ыраазычылык билдирүү үчүн президент менен бирге миңдеген кыргызстандыктар келишти.

Анда байгелүү кайткан спротчуларга сөз берилип, 22 жаштагы спортчу Акжол Махмудов жалындуу сүйлөдү.

«Күтүүсүз жерден сөз сүйлөп жатканыма толкунданып жатам. Бир муштумдай биригип, чоң дем берип жатасыздар. Биздин мелдештер 2 күмүш, бир коло менен жыйынтыкталды. Бул кийинки жаштарга шык берет деп ойлойм. Сиздердин колдооңуздарды алыстагы Токиодон сезип жаттык. Аянтта бир муштумдай болуп бириккениңиздер башка бир дагы мамлекетте болгон жок. «Биздин беттештерди ушинтип көрүп жатышат» деп сыймыктануу менен айтып жаттык. Дүйнө эли суктанды. Тилекке каршы, мен силердин үмүтүңөрдү актабай, жакшы эмоция тартуулай албай калдым. Мээрим Жуманазарова үчүнчү орунду алганда сүйүндүм. Анткени мен тартуулабаган эмоцияны Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова тартуулады. Олимпиадага кеткенге чейин Мирлан Самыйкожо агабыздын ыр саптарын угуп калдым. Жер карабай желкени түздөгүлө, Биримдиктин билегин күчтөгүлө. Тагдырыңды өзүңдүн колуңа алып, Сырттан келген жардамды күтпөгүлө. Турпагыңа белгиңди чийип кыргыз, Тууңду көтөр ар дайым бийик кыргыз. Түркөйлөргө чөгөлөп тизе бүкпөй, Түндүгүңдүн алдына бирик кыргыз!», — деп төрт сап ыр менен сөзүн жыйынтыктады Махмудов.

Количество просмотров: 505