• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Балбан Акжол Махмудов Токио олимпиадасына жолдомо утуп алды

9 Чын куран 2021 14:31 Бишкек Govori.TV

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

Алматы шаарында бүгүн, 9-апрелде Азия аймагындагы күрөш боюнча лицензиялык мелдеш башталган. Анда Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Кошумчалай кетсек, буга чейин балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков жана Жоламан Шаршенбеков, жөө күлүк Дария Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая жана суучул Денис Петрашов Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алышкан.

Количество просмотров: 127