2024-2025-окуу жылына карата балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо 8-апрелде башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.
Биринчи этап жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин, экинчи этап – анык жашаган жери боюнча 3-июндан 30-августка чейин.
Ата-энелер балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.
1-классына киргенде төмөнкү документтерди тапшырат:
– баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;
– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери: мыйзам чегинде белгиленген тартипте баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына аныктоо үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;
– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте баланы 1-класска аныктоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;
– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
– баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.