• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол жолун оңдоого жооптуу ишкананын жетекчиси кармалды

28 Бештин айы 202510:20 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз жол курулуш» компаниясынын негиздөөчүсү Мирлан Исагалиев Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол автожолун куруу мөөнөтүнүн жана ченемдеринин одоно бузулушуна байланыштуу кармалып, Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин 27-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде аталган ишкана жолдун үч тилкеси боюнча алган милдеттенмелерин кандай аткарып жатканы текшерилди.

Козголгон кылмыш иши алкагында жүргүзүлгөн ыкчам тергөөнүн натыйжасында келишимдин шарттары, курулуштун мөөнөтү жана техникалык нормалары аткарылбаганы, ошонун айынан республикалык маанидеги бул жолдун курулушу өз убагында бүткөрүлбөй калганы аныкталган.

Количество просмотров: 146