• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчыда 38 жаштагы аял түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилди

9 Тогуздун айы 202011:56 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарында аял түтүнгө ууланып, шаардык ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-октябрь күнү саат 10:09 чамасында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Орозбаев көчөсүнүн №39 дарегинде көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүндө 10 чарчы метр курулуш буюмдары жана таштанды күйгөн.

«Өрттүн кесепетинен 38 жаштагы аял киши түтүнгө ууланып, шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда өрттүн себебин такталууда»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 88