• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчыда ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

21 Теке 202517:27 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарында 3700 батирлүү ипотекалык турак жай комплексинин пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынынан билдиришти.

Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин айтымында, бул ири долбоор — президент Садыр Жапаровдун саясатынын ачык көрүнүшү. Президент үй маселесин элдин негизги муктаждыгы катары карап, аны чечүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүп келет.

«Ар бир кирпич, ар бир бетон — бул мамлекеттин жоопкерчилигинин жана элге болгон камкордуктун белгиси. Туризмби, экономикабы баары адамдан башталат. Ал эми адамдын эң негизги кереги — бул өз үйү», — деди Каныбек Туманбаев.

Жаңы комплекс Балыкчы шаарын өнүктүрүү менен бирге, тургундардын жашоо шарттарын жакшыртууга, инфраструктураны кеңейтүүгө жана калктын турмуш сапатын көтөрүүгө өбөлгө түзөт.

Количество просмотров: 113