• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Балыкчы–Каракол жолун курууга кошумча жумушчу күчү тартылат

1 Теке 202612:06 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун курулуш иштерин жеринен текшерди. Бул тууралуу министр өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө негизги басым жол тилкелеринде аткарылып жаткан жумуштардын сапатына жана белгиленген мөөнөттөрүнүн так сакталышына жасалды.

Министр айрым тилкелерде курулуш иштерин тездетүү, материалдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана ишке тартылган жумушчу күчүн көбөйтүү боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Количество просмотров: 11