5-июндан тарта Бишкек-2 – Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул өлкө тургундарына жана конокторуна жайкы эс алууну ыңгайлуу жана коопсуз шартта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Каттамдын графиги:
Белгиленгендей, поезд сентябрдын ортосуна чейин каттап, жүргүнчүлөргө жайкы эс алууну жана сапарларды алдын ала пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.