• Шейшемби 16 Теке 2024
  • Вторник 16 Июль 2024

Балыкчыда мыйзамсыз менчиктештирилген 75 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

2 Теке 2024 12:47 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 75 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсүндө жайгашкан, көл жээгиндеги 6,1 га жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.

Прокуратура аталган жер тилкеси боюнча жеке тараптын укук аныктоочу документтерин жокко чыгаруу үчүн сотко доо арыз менен кайрылып, натыйжада толук канааттандырылган. Анын негизинде шаардык мэрияга прокурордук талап келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен орточо базар баасы 75 млн 400 миң сомду түзгөн жогорудагы 6,1га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Количество просмотров: 94