• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчыда турак үй өрттөндү

26 Чын куран 202116:11 Бишкек Govori.TV

Балыкчыда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 26-апрелде катталган. Анда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатырынан өрт чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 3 унаа тартылган.

Өрттүн кесепетинен болжол менен үйдүн 240 чарчы​ метр чатыры күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 289