• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Балыкчынын кичи автобустары митингчилерди жөө калтырды

29 Чын куран 201911:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.

Балыкчы шаарынын мэриясынын алдында бүгүнкүгө белгиленген ураанды казууга жана иштетүүгө каршы болгондордун митинги уланып жатат.

Уюштуруучулардын бири Мелис Арыпбеков Govori.TVга билдиргендей, “Ушул тапта иш-чарага Балыкчы шаарынын миңге жакын тургундары катышууда, Кочкордон делегация келе жатат”.

Маалыматтарга таянсак Балыкчы шаардык соту жөө жүрүшкө чыгууга тыюу салып, митинг өткөрүүгө уруксаат берген.

Мындан сырткары, Мелис Арыпбеков кошумчалагандай, буга чейин сүйлөшүлгөн кичи автобустардын айдоочулары, бүгүн митингчилерди Бишкек шаарына жеткирүүдөн баш тартышты. Муну алар жетекчилик тарабынан каттамга чыкпоо буйругу келгендиги менен түшүндүрүшкөн. Бирок, буга карабай митинг катышуучулары, өз алдынча менчик унаалар менен борборду көздөй жол тартканы турушат. Ал эми, Токмок жана Кант шаарларынын аймагына келгенде, эл менен жолугушуп жөө жүрүш жасай тургандыгын айтышууда.

Количество просмотров: 19