• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Банктарда ички которууларда чектөө жок

1 Кулжа 2022 15:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июндагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл өкүлү Алишер Козуев сөз сүйлөп, банктардагы өлкө ичиндеги көп суммадагы акча которууда маселе жаралып жатканына токтолду.

Анын айтымында ишкерлер 3 миллион акча которуу үчүн 3 күндүк убактысын коротуп жатышат.

Мындай жагдай ишерлерге ыңгайсыздык жараатарын белгилеп, бир эле банкттан которуу мүмкүнчүлүгү болбой атканын билдирди.

«Бир жаран 3 миллион которгону келсе, банктын кызматкери 1 миллиондон ашык которо албайт» деген эл өкүлү маселеге кат жүзүндө жооп берүүнү талап кылды.

Ал эми Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаев банктарда ички акча котрууда эч кандай чектөө жок экенин айтты. Мындай көрүнүш кардардын жеке кызыкчылыгынан келип чыгуусу мүмкүн деп божомолдоду.

«Кардар эмнегедир өзү бөлгөнгө аракет кылат. Анкени ал маалымат банктан ары финансылык чалгындоо кызматына келип түшөт. Балким кардар ошондон качат», — деди Боконтаев.

Мындай жоопко депутат канааттанбай, ага маалымат туура эмес жеткенин айтты.

«Сизге маалымат туура эмес жетиптир. Кардар эч качан коркпойт. Себеби; иштеген иши бар, бизнес проектиси бар.Тапкан кирешеси таза. Бары көрсөтүлгөн. Бирок, банкка келип котороюн десе, кызматкерлер бизде ошондой талап бар деп которбойт», — деди эл өкүлү.

Улуттук банктын төрагасы мындай учурда кардар арыз менен кайрылса, тиешелүү чара көрүлөөрүн кошумчалады .

Количество просмотров: 104