• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

“Бардык жакшы нерселер” Өмүркуловдун тушунда башталган

10 Бештин айы 201816:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.12.2018. Govori.TV

Редакцияга Бишкек шаарындагы №138-бала бакчанын аянтына көп кабаттуу турак-жай курулуп баштай тургандыгы  боюнча арыз түшкөн эле. Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясында аталган маселеге байланыштуу тараптар чогулуп, маселени талкуулашты.

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы  Балбак Түлөбаев, мэриянын курулуш жана мүлк башкармалыгынын жетекчилери жергиликтүү тургундар менен пикир алышты.

Талаш болуп жаткан жер 2012-жылдын 2-июндагы ошол кездеги шаар мэри Иса Өмүркуловдун токтому менен мэриянын кызматкерлерине ипотекалык турак-жай курууга берилген экен.

 Бирок, мэриянын өкүлдөрүнүн айтымында учурда ага каражат жок. Бул маселени көтөрүп чыккан тараптар учурда ал жерде курулуш иштерин баштагандыгын маалымдагандан кийин Бишкек шаардык курулуш башкармалыгынын жетекчиси жеринде барып текшерип, мыйзам бузуу болсо прокуратурага кайрылмай болду.

Ал эми ортодогу талаштуудурган участоктун тагдыры атайын комиссиянын курамында каралмакчы. “ГовориТВ” мультимедиялык агенттиги бул маселени мындан ары дагы толугу менен көзөмөлгө алат.

Количество просмотров: 23