• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

«Барселонанын» легендаларын 3 күн коштоп жүрүү 5 миң долларды чапчыйт

14 Баш оона 202315:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга келчү «Барселона» футбол клубунун легендарлуу оюнчуларын 3 күн чогу коштоп жүрүү 5 миң долларды түзөт. Бул тууралуу маалымат «Ticketon» сайтына жарыяланды.

Интернет колдонуучулар дагы бааларды социалдык тармактарга бөлүшүп жатышат.

Маалым болгондой, 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо (мурдагы «Спартак») Barça Legends жана «Азия легендалары» командаларынын ортосунда оюн өтөт. Биринчи команданын курамында өз оюну менен бүткүл дүйнөнү суктандырган «Барсанын» легендарлуу жылдыздары болсо, экинчисине улуттук курама командабыздын экс-футболчулары гана эмес, Азия өлкөлөрүнүн футбол жылдыздары да чыгат.

Кыргызстанга келе турган белгилүү футболчулардын арасында Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Хавьер Педро Савиола бар. Мындан тышкары, Жалал-Абад менен Бишкекте «Барселонанын» футбол академиялары ачыла турганы кабарланды.

Количество просмотров: 97