• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолуна кар көчкү түштү

22 Чын куран 202117:38 Бишкек Govori.TV

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде саат 15:30дар чамасында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 40-чакырымында кар көчкү түшкөн. Унаа жол учурда жабык.

Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 2 жүктөгүч, 1 грейдер тартылган.

Ошондой эле саат 15:00дөр чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 48-чакырымында болжол менен көлөмү 40 миң куб кар көчкү түшкөн. Унаа жол учурда жабык.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч тартылган.

Количество просмотров: 117