• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда депутаттардын саны 90го кыскарат

26 Үчтүн айы 2021 13:13 Бишкек Govori.TV

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан конституциялык кеңешме бүгүн, 26-январда кезектеги жыйынга чогулду.

Талкуу Улуттук илимдер академиясында өтүп, ага кеңешменин мүчөлөрү катышууда.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президенттик башкаруу жана президенттин ыйгарымдарын күчөтүү, депутаттардын санын 90го чейин кыскартуу жана парламентке пропорционалдык шайлоо системасын жоюу (бул системада добуштар талапкерлердин тизмеси үчүн канча добуш берилгенине жараша партияларга бөлүштүрүлгөн). Бирок көптөгөн өзгөрүүлөр бар, негизинен, адам укуктары жана сот бийлигинин түзүлүшү тууралуу жоболор өзгөргөнүн билдирди.

«Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун үстүнөн 2 айдан ашуун убакыт иштедик. Ал арада көптөгөн сунуштар, сын-пикирдер айтылды. Жер-жерлерден жарандар келип, өз пикирлерин ортого салды. Биздин долбоордун өзгөчөлүгү бул президенттик башкаруу формасына ылайыкталды. Кеңешме ачык иштеп, социалдык мүнөздөгү баш мыйзамды түзгөнгө аракет кылдык. Структурасы өзгөрүүсүз калды. Президентти аткаруу бийлигинин башына коюп жатабыз. Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 90го кыскартуу сунушталат»,-деди Бөрүбашев.

Белгилей кетсек, коомдук талкууга коюлган өлкөнүн негизги мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн президенттин м.а Талант Мамытов Конституциялык кеңешме чогулткан. Анын курамына юристтер, депутаттар, манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер кирген.

Количество просмотров: 428