• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Башар Асад үй-бүлөсү менен Москвага корголоп келди

9 Бештин айы 202410:16 Бишкек Govori.TV

Сириядагы козголоңчулар Дамаскты басып алган соң, анын мурдагы президенти Башар Асад Москвага учуп кеткен. Москва ага калканыч бергенин дүйнөлүк ЖМК жазып жатат.

Кремлге тиешелүү булактар «Сирия президенти Асад үй-бүлөсү менен Москвага келди. Гуманитардык көз караштан улам ага баш калкалоо берилди», — деп билдиришти.

Ошондой эле Сириядагы куралдуу оппозициянын лидерлери Россиянын аскердик базаларын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн коопсуздугуна кепилдик беришкени, Кремль да сирия элинин кызыкчылыгы жана эки тараптуу мамилелердин уланышы үчүн саясий пикир алышууга үмүт артары айтылды.

8-декабрга караган түнү куралдуу козголоңчулар Дамаскка киришкен. Асад ошол учурда өз өлкөсүн таштап, самолет менен чыгып кеткен.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги 8-декабрь күнү Башар Асад козголоңчулар менен сүйлөшүүлөрдөн кийин, президенттик кызматын таштап, өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирген.

Башар Асад 59 жашта. Ал Сирияны 2000-жылдан тарта башкарган. Анын атасы Хафез Асад ага чейин өлкө президенти болгон.

Количество просмотров: 126