Москва шаарында добуш берүүгө жарандар активдүү катышууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Эскерте кетсек, Москвада жалпы жети шайлоо тилкеси ачылган. Россиянын аймагында болсо 40 участкалык шайлоо комиссиясы иштеп жатат.
Жалпысынан чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси уюштурулган.