Борбордук «Ала-Тоо» аянтына коюлган башкы балаты түндө кулпуруп көркүнө чыкты. Анын асмандан көрүнүшү ажайып кооз.
Белгилей кетсек, кечээ күнү кечинде Бишкектин чок ортосунда Жаңы жылдык балатынын оту жандырылган. Бул жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу жаңы жылдык концерт, салтанаттуу иш-чара жана салют уюштурулган жок. Ошондой эле каражатты үнөмдөө үчүн былтыркы эле оюнчуктар пайдаланылган. Балатынын бийиктиги 25 метрди түзүп, жалпысынан 650 оюнчук орнотулган.