• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Башкы прокуратура абактан мыйзамсыз чыккандарды кайра кайтууну талап кылды

10 Тогуздун айы 2020 23:34 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура 6-октябрга караган түнү абактан чыккандарга эскертүү берип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери өлкөдө түзүлгөн кырдаалдан пайдаланышканын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 10-октябрда тараткан билдирүүдө алар судьяларды жана абак администрациясын “ур-токмокко алабыз, өлтүрөбүз” деп коркутуп, жазасын аткарып жаткан жайлардан мыйзамсыз түрдө чыгып кетишкенин маалымдады. Алардын иштери сот органдарында жана тергөө топторунда каралып жатканын кошумчалады.

Ошону менен катар башкы көзөмөл органы абактан мыйзамды бузуп чыгып кеткендерге карата Жазык кодексинде жаза чаралары каралганын эскертти. 6-октябрга караган түнү абактан мыйзамсыз чыгып кеткендерден өз ыктыяры менен кайра кайтууну талап кылып, эгер бул талап аткарылбаса катуу чара көрүлөрүн белгиледи.

Количество просмотров: 764