• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Башкы прокуратура Ататүрк паркы боюнча чечимдердин мыйзамдуулугун карап чыгат

17 Чын куран 2024 17:15 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура Бишкектеги Ататүрк паркы боюнча кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун карап чыгат. Бул тууралуу баш прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, Ататүрк паркынын айланасындагы иште сот аркылуу чечилчү көп жагдай бар.

«Ататүрк сейил багы боюнча Бишкек мэри оюн гана билдирди, кат келгенде биз мыйзамдуулугун карап чыгабыз. Бул жерде сот аркылуу каралчу көптөгөн жагдайлар бар. Бишкек мэри оюн билдирди, калганын иш-аракетинен көрөбүз», — деди Зулушев.

Мэр Айбек Жунушалиев 16-апрелде Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берүү боюнча мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушул тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген.

Количество просмотров: 77