• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Башкы прокуратура: Электр энергиясына болгон карыздарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча коррупциялык схема аныкталды

6 Бештин айы 2021 15:22 Бишкек Govori.TV

Электр энергиясына болгон карыздарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу, кыскартуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Ош электр», «Жалал-Абад электр», «Чыгыш электр», «Түндүк электр» ишканалары менен ыйгарым укуктуу органдардын жооптуу адамдары мыйзамсыз аракеттерге барып, 2016-2021-жылдар аралыгында 897 млн 288 миң 500 сомдук карызды эч себепсиз эсептен чыгарышып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиришкен.  Тактап айтканда, жогоруда аталган мекемелер тарабынан абоненттердин карыздарын сот тартибинде өндүрүп алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлбөй, карыздардын орду толтурулбаган. Айрым учурларда сот аткаруучулардын «карыздарды өндүрүүгө мүмкүн эмес» деген мыйзамсыз чечимдерине таянып, негизсиз түрдө эсептен бошотуп жиберишкен.

Муну менен катар өздүгү такталбаган, даректе жашабаган, же көрсөтүлгөн дареги такыр жок болгон абоненттерди карызкорлордун тизмесине атайылап кошуп, алардан өндүрүүгө мүмкүн эмес деген негизде карыздарды эсептен чыгарып келишкен.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) 4 кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Эске салсак, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров энергетика тармагында кымырылган каражат тууралуу айтып, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге тапшырма берген болчу.

Количество просмотров: 196