• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров энергетика тармагында кымырылган каражат тууралуу айтты

26 Жетинин айы 2021 11:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров энергетика тармагында кымырылган каражат тууралуу айтып, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге тапшырма берди.

«Энергетика тармагында дагы акчаны жөн эле кечип салган фактылар абдан көп. Мисалы, дареги жок фундаменти турган жерди үй же мекеме катары каттап, ушул карызын төлөй албай калды деген жүйө менен миллиондогон сомду кечип салат. Электр энергиясы ушундай жол менен жоголууда. Курманкул Токторалиевич, бул эки маселени сизге берем, эки айда карап чыгып, ордуна коесуз. Ар бир райондук прокурорго өзүнчө тапшырма бериңиз, кайсы даректе канча электр энергияны кечкенин изилдеп чыгышсын. Мен жарым жылда акыркы үч жылдыкты гана текшерттим. Мына ушундай фактылар чыгып жатат», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 431