• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Башкы прокуратура Кумтөр боюнча кылмыш ишин тергеп баштады

22 Бугу 2021 0:23 Бишкек Govori.TV

​Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан түзүлгөн “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиясынын материалдарын изилдеп, коррупциялык укук бузууларды аныктады.

​Тактап айтканда, 1992-жылдан 2019-жылга чейинки учурда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын айрым жогорку даражалуу жана башка кызмат адамдары “Кыргызалтын” ААКнын жетекчилиги менен биргеликте “Камеко”, “Центерра Голд Инк” канадалык компанияларынын, ошондой эле “Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКнын жана “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын өкүлдөрү менен материалдык жана башка кызыкчылыктарын көздөгөн артыкчылыктарын алуу максатында туруктуу байланыштарды түзүшүп, “Кумтөр” алтын кенин көрсөтүлгөн канадалык компаниялар жоопкерчиликсиз иштетүү үчүн Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келген бир катар макулдашууларды түзүшкөндүктөрүнүн кесепетинен улам жаратылыштын кайра калыптанышына мүмкүн болбогон эбегейсиз бузулушуна, сарамжалсыз пайдаланышына алып келип, мамлекетке миллиардаган зыяндар келтирилип, Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туудурулган.

​2021-жылдын 18-майында бул факты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү (коррупция) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.  

Количество просмотров: 378