Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү Жогорку Кеңештин депутатына шектүү алдамчылардын телефон чалуусу боюнча алдын ала териштирүү жүрүп жатканын билдирди.
Милиция тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, катышкандардын аракеттерине юридикалык баа берилип, КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлө турганын айтты. Учурда милиция кызматкерлери катышкандарды аныктоого жана кармоого багытталган зарыл болгон тергөө жана текшерүү иш-чараларын жүргүзүп жатышат.
Андан тышкары, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү жарандарга кайрылып, сак болууга жана телефон алдамчыларынын айла-амалдарына алданбоого, ошондой эле жеке маалыматтарын, банк картасынын маалыматтарын, ырастоо коддорун же сырсөздөрүн бейтааныш адамдарга ачыкка чыгарбоого чакырат.
Кечээ ЖК депутаты, төраганын орун басары Болот Ибрагимов соцтармак баракчасына видео жарыялап, анда ага бейтаныш адам чалып СМС аркылуу ырастама кетиргенин жана ага келген кодду айтуусун суранып жатканы тартылган.