• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Башкы прокуратура министр Бейшеналиев кармалган учурдун толук видеосун жарыялады

2 Кулжа 2022 22:44 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалган учурдун видеосун жарыялады.

Маалым болгондой, министрге айрым кызмат адамдары менен биргеликте бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз адалдоо ыкмасын уюштурган деген айып тагылууда.

«2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин өлкөгө эл аралык уюмдардан, чет өлкөлөрдөн коронавируска каршы 451 миң 560 доза вакцина келген. Андан тышкары мамлекет башчысы Кытай жана Орусиянын президенттери менен кошумча 6 млн дозадан ашуун вакцинаны бекер алуу боюнча сүйлөшкөн. Бирок буга карабастан, министр Бейшеналиевдин жеке буйругу аркылуу 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөнүн менчик компанияларынан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго 2 млн 460 миң доза вакцина сатылып алынган. Анын акчалары оффшордук аймакка которулганы тастыкталган.Натыйжада гуманитардык жардам иретинде келген 3 млн 147 миң 640 доза вакцина турса да, кызмат адамдары пайда табуу максатында ашыкча 2 млн 460 миң доза вакцина сатып алышкан. Мунун кесепетинен 243 миң 223 доза вакцинанын мөөнөтү өтүп кетип, керектен чыгып калган. Мындан өлкө казынасы 1 млрд 581 млн 474 миң 315 сом өлчөмүндө зыянга учураган»,-деп жазылат прокуратура тараткан маалыматта.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен иш козгоп, тергөө жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 3534