“Ош” эл аралык аэропортун реконструкциялоо учурунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган аэропортто 2019-2020-жылдары оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, 320-берене “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана 233-беренеси “коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” менен каттоого алынып, УКМКга өткөрүлдү.
“Текшерүү учурунда курулуш материалдарынын жана жасалган иштердин баасы 3 миллион 400 миң сомго жогору көрсөтүлгөнү белгилүү болгон. Ошондой эле перрондун айрым жерлериндеги асфальт сапатсыз төшөлгөнү аныкталган”,-деп айтылат маалыматта.