Катуу жааган жаандан улам “Ош” эл аралык аэропортунун жүргүнчүлөр турган күтүү залынын шыбы урап түштү.
Социалдык тармактарда тараган видеодон имараттын шыбынан суу агып жатканын көрүүгө болот.
Ал эми “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кырсыктан эч ким жабыркабаганын, аэропорт кадимке тартипте иштеп жатканын билдирди.