«Манас» жана «Ош» аба майдандары ижарага берилген жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.
« Бүгүнкү күнү Түркия, Арап мамлекеттеринен, Орусиядан келген сунуштар бар. Аба майдандары 49 жылга ижарага кетти деген такталбаган, туура эмес маалымат. Ар бир сунуш боюнча жумушчу топ иштеп жатат» , — деди Бакиров.
Бакиров аэропорттор ижарага берилбей турганын, мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдын негизинде сунуштар караларын кошумчалады.
Депутат Тазабек Икрамов жыйында аэропортторду 49 жылга ижарага берилгени тууралуу кептерди тактоону сураган.