Башкы прокуратура айлана чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзгөн. «К.К.» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын кызмат адамдары «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузуп, көмүр кенин казып чыгаруучу жерге барууга жол куруу үчүн уруксат берүүчү документтери жок туруп, кызмат абалынан пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, «С» ЖЧКнын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, Ош токой чарбасынын Загара-2 участкасында узундугу 6100 метр, туурасы 9 метр (29 400 м2) болгон жолду мыйзамсыз кургандыгынын натыйжасында, 9392 чарчы метр аянттагы мөңгүлөр талкаланып, жер кыртышы бузулгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымат берди.
Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында экологиялык коопсуздук талаптары бузулган. Башкы прокуратура бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 298-беренеси (Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду.
Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү тергөөнүн алкагында дайындалган тийиштүү экспертизалардын жыйынтыгына ылайык аныкталат.