• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Унаа өрттөнүп, кыз менен жигит күйүп кеткен. Окуя боюнча кылмыш иши козголду

23 Үчтүн айы 202611:44 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда унаа өрттөнүп, кыз менен жигит күйүп кеткен окуя боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилей кетсек, 20-январда Москва районунун Спартак айылында Volkswagen Golf-3 унаасы күйүп, ичинен 26 жаштагы айдоочу О.Э. менен жүргүнчүсү 16 жаштагы Т.С.нын сөөгү табылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө О.Э. унааны 11-январда сатып алганы, сол тарабындагы фарасы иштебей жаткандыктан электрикке кайрылганы аныкталган. Адис унаанын техникалык абалы начар экенин айтып, аны айдоонун кооптуулугун эскерткен.

«Учурда такталган жагдайларга карабастан, окуянын бардык чоо-жайын кылдат изилдөө жана тергөө амалдарын жүргүзүү максатында «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.

Чүй облустук милициясы жарандарды чындыкка коошпогон маалыматтарды таратпоого чакырат.

Количество просмотров: 280