Башкы прокурордун мурдагы басары Кубан Адыл уулу кармалды. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМ тарабынан кармалган Адыл уулу бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча айыпталууда. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат.
Бул тууралуу азырынча ИИМ расмий маалымат бере элек.
Эске салсак, Садыр Жапаров 24-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берип, Курманкул Зулушевге орун басары Кубан Адыл уулун кызматтан бошотуу боюнча сунуштама берүүнү тапшырган.
Буга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдоп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишмердигине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканы тууралуу жазган арызы негиз болгон.