• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Башпрокурор Индира Жолдубаева кызматынан кетет

6 Чын куран 2018 8:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06. 04.2018. Govori.TV

Жакын арада КРнын башкы прокурору Индира Жолдубаева кызматынан кетиши мүмкүн. Бул тууралуу кечээ радиолордун бирине маек берип жатып, ЖКнын депутаты Жанар Акаев да ырастаган.

Ал белгилегендей, бүгүн парламенттеги “Атамекен” жана “Республика-Атажурт”  фракциялары башкы прокурордун ишмердиги боюнча отчетун угуп, баасын бермекчи. Албетте, аталган эки фракциянын лидерлери Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановдорго ушул Индира айым жетектеген орган мыйзамсыз кылмыш ишин козгоп, бири бозгунда, бири туткунда отурат. Ошондуктан, бул фракциялар башпрокурордун ишин “канааттандыраарлык эмес” деп кабыл алышы мүмкүн.

Эске сала кетсек, фракциялардын чечимдери ЖКнын жалпы жыйынына коюлуп, эгер көпчүлүк добуш менен депутаттар отчетту кабыл албаса, башкы прокурор автоматтык түрдө кызматынан четтетилет.

Количество просмотров: 37