• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Экс-прокурор Жолдубаевага өкүм чыкты

23 Кулжа 2020 15:51 Бишкек Govori.TV

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 миллион сом айып салынып, үй камагына алынды. Мындай өкүмдү Биринчи май райондук соту бүгүн, 23- июнда чыгарды.

Мындан тышкары, Жолдубаева мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды.

Ал эми Жолдубаева соттун чечими менен макул эмес экенин айтып, чечимдин үстүнөн арызданабыз деген пикирин айтты.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Жолдубаеваны 15 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну сураган.

Эске салсак, Батукаев “айыккыс илдетке чалдыкты” деген жүйө менен абактан мыйзамсыз бошоп, атайын коштоо менен Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Количество просмотров: 9769