Ички иштер министрлиги батир уурулугун кантип алдын алуу керектиги тууралуу жарандарга бир катар пайдалуу кеңештерди сунуштады.
Маалыматка караганда, батир уурулугу негизинен үйдү кароосуз калтырган учурда катталат.
Уурулардын бардыгы бирдей ыкмаларды колдонушат: кулпуларды бузуу, ачкычтарды жасоо, алдыңкы эшикти бузуп кирүү, терезелерди ачуу. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы батир уурулугун алдын алуу үчүн жарандарга бир катар пайдалуу кеңештерди сунуштайт.
Эгерде уурулар сиздин үйдөн мүлктөрүңүздү, баалуу буюмдарыңызды же акча каражаттарыңызды уурдап кеткен болсо:
— дароо милицияга 102 номерине чалыңыз;
— үйүңүздү текшерип, эмне жоголгонун аныктап, уурдалган буюмдардын тизмесин түзүңүз;
— эгер сиз үйүңүздө кылмышкерге туш болуп калсаңыз, жакындарыңыздын коопсуздугун ойлоп жана өзүңүздүн өмүрүңүздү сактап калуу амалы менен уурулар менен урушпаңыз;
— кол салган адамга көңүл буруп, анын жүзүн эстеп калууга аракет кылыңыз. Бул аны кармоо иштерин тездетүүгө жана бардык буюмдарыңызды кайтарып алууга жардам берет.
Мүлкүңүздүн сакталышынын негизги кепилдиктеринин бири-бул сак жана этият болгонуңуз. Албетте, бардык бул чаралар жардам берет, бирок, уурулуктун алдын алуу үчүн негизги ыкмасы Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматына же жеке кызматтардын кайтаруу кызматтарынын кызматтарын колдонуу керек.
Коопсуздукка канчалык көп көңүл бурсаңыз, ошончолук коопсуз болот. Турак жайыңыздын, ишкана-кеңсениздин коопсуздугуна көңүл буруңуз, уурулуктардын бетин ачууда милицияга дайыма жардам бериңиз. Эгерде сизде уурулукка байланыштуу кылмыштар боюнча кандайдыр-бир маалымат болсо, райондук милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө же 102 номуруна чалыңыз.