• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Батирден каза болгон кишинин жыттанып кеткен денеси табылды

22 Жетинин айы 2018 14:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.11.2018. Govori.TV
Кечээ, 21-ноябрда, Бишкекте жайгашкан батирлердин биринде 54 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
«21-ноябрь күнү саат 15:40 чамасында чакырылган чалуу менен Сүйөркулов көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине куткаруучулар барып бекилип калган эшикти ачып беришкен. Куткаруучулар үйгө киргенде 1964-жылы туулган Ш.А. аттуу эркек адамдын жансыз денеси табылган. Ал ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди», — деп жазылат маалыматта.
Ал эми бул боюнча Бишкек ШИИББине байланышканыбызда, басма сөз кызматы маркумдун өлүмүнүн себеби тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди.
«Каза болуп калган жаран үйүндө жалгыз жашаган. 2-3 аптадан бери үйүнөн чыкпай калгандыктан кошуналары куткаруу кызматына кабарлашкан. Анын жүрөк оорусунан жабыркап келгендиги белгилүү болду. Тактап айтканда, ал оорудан улам каза болгон. Дене бузулуп, жыттанып баратканына караганда анын өлүмүнө көп болуп калган», — деп билдирди басма сөз кызматы.
Количество просмотров: 36