• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Батирге ууруга киргендер кармалды

11 Бугу 202211:27 Бишкек Govori.TV

Сокулукта үйгө уурулукка киргендер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Н.Т., аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар Сокулук районундагы батирине уурулукка киришкендигин билдирген. Арыз ээсинин маалыматына караганда, алар үйдөн 1 миң АКШ долларын, 15 миң сом, «Леново» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана күмүш буюмдарын алып чыгып кетишкен. Чыгашанын жалпы суммасы 120 миң сомду түзгөн. Уурулук жасап жатканда батирге үй ээсинин жашы жете элек кызы кирип келгенде, кылмышкерлер анын көзүнө баллондон зат чачып, из жашырышкан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында үч адамдан турган кылмыштуу топ кармалган. Алар: Чүй облусунун 35 жаштагы Ж.Б., 60 жаштагы Б.В., аттуу тургундары (кылмыштын уюштуруучусу) жана 26 жаштагы Ысык-Көл облусунун А.Ж., аттуу тургуну. Үчөө тең мурда соттолгон. Далил катары уюлдук телефон, ачкычтар алынган. Кармалган жактар Чүй облусунун Сокулук РИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда аталган жарандардын башка ушуга окшогон кылмыштарга тийиштигин текшерүү жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 963