• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде 1,5 млн сомдук контрабандалык тамекилер табылды

28 Бирдин айы 202317:14 Бишкек Govori.TV

Баткенде 1,5 млн сомдук контрабандалык тамекилерди алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажычылар Баткен шаарында Т.Б.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz 413 үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок 50 блоктон турган 25 куту Esse Change тамекилери табылган.

Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товарлардын орточо базар баасы 1 млн 562 миң 500 сомду түзгөн.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 173