• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткенде баасы 2 млн сомдон ашуун аткез жүк кармалды

24 Баш оона 2021 11:57 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда 2 млн 680 миң 600 сомдук аткез жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка 23-августта Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө Кожо-Бакырган каналы аркылуу аткез жүк алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жарандары кармалган. Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны 1994-жылы туулган С.Э. айдап бараткан. Жанында өзү курактуу дагы бир жигит болгон.

«Текшерүү учурунда унаадан эч кандай коштоочу документи жок 175 куту дары-дармек табылган. Кармалган баңгизаттын болжолдуу наркы 2 млн 680 миң 600 сомду түзгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар атайын органдарга өткөрүлүп берилип,териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 176