• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Дары-дармектердин жетишсиздиги. Саламаттыкты сактоо министрлигинен комментарий

21 Бирдин айы 20259:34 Бишкек Govori.TV

Соода-өнөр жай палатасында фармацевтика тармагынын өкүлдөрүнүн мамлекеттик органдар менен жолугушуусу болуп өткөн. ЕАЭБдин жаңы стандарттары боюнча кайра каттоодон өтпөсө, Кыргызстандын рыногунан 6 миңдей дары-дармектин түрү жок болуп кетиши мүмкүн экендиги талкууланды. Соода-өнөр жай палатасынын маалыматы боюнча, учурда жаңы талаптар боюнча 200дөй гана дары-дармектин түрү катталган, бул жалпы рыноктун 5%дан азын түзөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти 2026-жылга карата дары-дармектердин жетишсиздиги тууралуу билдирүүгө комментарий берди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы макулдашуулардын алкагында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү талаптар биринчи кезекте калктын саламаттыгын коргоо кызыкчылыгында кабыл алынганын жана өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлинде дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун жана сапатын камсыздоого багытталганын департамент белгиледи.

«Мамлекеттердин өкүлдөрүнөн турган Евразиялык комиссия бирдиктүү талаптарга өтүүнү жумшартуу жана дары-дармек менен камсыз кылууда кризистик кырдаалдардын алдын алуу боюнча тараптардын сунуштарын эске алуу менен өлкөлөрдүн дары рыногундагы учурдагы кырдаалды эске алат», — деп айтылат билдирүүдө.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин “Медициналык максатта колдонулуучу дары-дармек каражаттарынын жүгүртүү өзгөчөлүктөрүн белгилөө боюнча убактылуу чаралар жөнүндө” чечимин карап, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү күтүлүүдө.

Бул өзгөртүүгө ылайык, 2027-жылдын аягына чейин катышуучу-мамлекеттерге өздөрүнүн (улуттук) белгиленген эрежелери боюнча дары-дармектерди каттоо мүмкүнчүлүгү берилет.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин «Медициналык максатта колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертизадан өткөрүү эрежелери жөнүндө» чечимине өзгөртүү ЕЭК Кеңешинде кароону күтүүдө.

Анда өндүрүүчүлөргө жана каттоо күбөлүгүнүн ээлерине мурда катталган дары-дармек каражаттарынын каттоо досьесин ЕАЭБдин талаптарына ылайык келтирүү үчүн кошумча мөөнөт каралган.

«Ошентип, өндүрүүчүлөр тарабынан өз убагында чара көрүү менен жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр беш жылдын ичинде республиканын дары рыногунда дары-дармектердин жетишсиздигинен кутулууга мүмкүндүк берет», — деп белгиленет билдирүүдө.

Количество просмотров: 203