• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Баткенде эвакуация болгон 15 миңден ашуун жаран үйлөрүнө кайтып келишти

24 Аяк оона 2022 10:53 Бишкек Govori.TV

14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын аскерлеринин агрессивдүү кол салуусунуну натыйжасында Баткен облусундагы эвакуация болгон 15 миң 532 жаран үйлөрүнө кайтып келишти. Бул тууралуу эвакуациялоо комиссиясынын видеоконференция аркылуу өткөн жыйынында Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Сейтмурат Калыков билдирди.

Анын айтуусунда, Тажикстандын аскерлеринин Кыргызстанга куралдуу кол салган жерлерден 136 миң 770 Баткен облусунун жараны эвакуацияланган.

Алардын ичинен 15 миң 532 жаран үйлөрүнө кайтып келишти. Калгандары убактылуу жайгаштырылган жайларында жана кайдыгер эмес жарандардын үйлөрүндө баш калкалоодо. Ошондой эле, эвакуация болгондорго медициналык жана психологиялык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, жергиликтүү активисттерден жана ыктыярчылардан турган жумушчу топ жеринде эвакуация болгон жарандарга гумманитардык жардамдарды бөлүштүрүп беришүүдө.

Количество просмотров: 655