• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эл кайсы мамлекеттик органга ишенет?

20 Баш оона 202514:14 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын алты айындагы жыйынтык боюнча калктын мамлекеттик органдарга болгон ишеним индекси 42,8 баллды түзүп, байкоо жүргүзүлгөн бүткүл мезгил ичиндеги эң жогорку көрсөткүч болду.

Стратегиялык демилгелер институтунан билдиришкедей, мындай жыйынтык Улуттук статистика комитети жүргүзгөн сурамжылоонун негизинде чыгарылган. Ал өлкөнүн бардык аймактарында өтүп, 18 жаштан 75 жашка чейинки 3600 жарандын пикирин билишкен.

Ишеним индекси балл менен, −100дөн +100гө чейин бааланат. Ал канчалык жогору болсо, ишеним ошончолук бийик болот.

Калктын бийликке болгон ишенимин билүү үчүн аларга үч суроо менен кайрылышкан.

  • Белгилүү бир мамлекеттик органга канчалык ишенесиз?
  • Андагы коррупциянын деңгээлин кандай баалайсыз?
  • Жалпысынан анын ишин кандай баалайсыз?

«Ишеним деңгээлинин эң жогорку көрсөткүчтөрү Нарын (54,6 балл), Ысык-Көл (53 балл) жана Баткен облустарында (51 балл) катталган. Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Бишкек шаарында (31,4 балл) жана Чүй облусунда (31,7 балл). Мамлекеттик органдардан жарандар көбүнчө төмөнкүлөргө ишеним артышат: — борбор калаанын мэрияларына (59,3 балл); — президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө (57,1 балл); — облустук, райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (54,9 балл). Өзгөчө кырдаалдар министрлигине да ишеним жогору (52,9 балл). Эң төмөнкү орунда Саламаттыкты сактоо министрлиги (33,6 балл) жазылган. Бирок өткөн жылга салыштырмалуу министрликке болгон ишеним 10,6 упайга жакшырган. Жарандардын мамлекетке болгон жеке ишеним индекси 49,5 баллга жетти. Бийлик органдарынын ишинин сапатын баалоо индекси 43,5 упайды түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу жогору», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 194