• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде өрттөн 77 жаштагы карыя каза болду

5 Тогуздун айы 202010:01 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда турак үйдөн өрт чыгып, 1943-жылы туулган карыя каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасындагы Масаев көчөсүнүн №7 дарегинде жайгашкан үйдөн өрт чыккан.

«Турак үйдүн полунун 1,5 чарчы метр аянты күйүп, 1943-жылы туулган карыя кошо өрттөнүп кеткен»,-деп айтылат маалыматта.

Маркумдун сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 85