• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Баткенде тамекини контрабандалык жол менен ташып кирүүгө бөгөт коюлду

16 Бирдин айы 2023 12:41 Бишкек Govori.TV

Баткенде дээрлик 15 тонна жыгач күлүн жана тамекини контрабандалык жол менен ташып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, КР ЧАК УКМК кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Бүргөндү» чек ара постунда КР жараны «Э.Б.А.» башкаруусунда «Volvo FH 500» үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышкан.

Бажы текшерүүсүндө унаанын жүк бөлүгүнөн 343 кап өлчөмүндө жыгач күлү жана 108 кап майдаланган тамекинин сабактары табылган.

Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Кармалган товардын жалпы салмагы 14 921 кг түзгөн. КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 253 миң 800 сомду түздү.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар КККБ жана БЭБ бөлүмүнүн бажылык териштирүү секторунда каралууда.

Количество просмотров: 134