• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Баткенде Транспорт министрлигинин кызматкери кармалды

15 Жетинин айы 2021 18:02 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана жолдор министрлигинин Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын транспорттук көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Көк-Талаа” транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү максатында, салмактык-габариттик көзөмөлдүн берилген ченемдерин бузууну менен мамлекеттин кызыкчылыгына ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

«Көк-Талаа ТКПнын айрым кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге, тагыраак айтканда, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча каражатын талап кылуу жана системалуу түрдө өндүрүп алуу фактылары аныкталган. 2021-жылдын 13-ноябрында УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында пара катары акча каражатын алган деген шек менен Транспорт жана жолдор министрлигинин Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы З.С.А. жана башкы инспектор М.Э.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда УКМК бул иштин жагдайларын жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 1688